Алюминийдин баасы биринчи жолу тоннасына 3500 доллардан жогору көтөрүлдү

Дүйнө Загрузка... 10 Март 2026 09:00
f43390ff-726a-4e04-b024-bdd154360c3f.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Алюминий баасы 2022-жылдын апрелинен берки эң жогорку деңгээлге жетти. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.

Маалыматка караганда, алюминийдин баасы 2,8%га көтөрүлүп, 3544 долларды түздү. Акыркы жумада алюминий баалары дээрлик 10%га жогорулап, үч жылдагы рекорддук өсүштү белгиледи. Бул дүйнөлүк алюминий өндүрүшүнүн болжол менен 9%ын түзгөн Жакынкы Чыгыштагы жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашынан улам болду.

Катар жана Бахрейндеги эки алюминий заводу аймактагы куралдуу кагылышуулардан улам жеткирүүнү токтотууга аргасыз болушту.

Аналитиктердин болжолдоолору боюнча, бул алюминийдин тийиштүү көлөмдө жеткирилишине кедерги тийгизет.