Аляскада дайынсыз жоголгон учактын ичиндеги 10 кишинин баары каза болгон

Дүйнө Загрузка... 11 Февраль 2025 11:08
WhatsApp Image 2025-02-11 at 07.51.43.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.02.25. / Кабар/. Аляскада дайынсыз жоголгон учактын ичиндеги 10 кишинин баары каза болгон. Бул тууралуу РИА новости кабарлады.

Агенттик маалымдагандай, Cessna Caravan учагы Алясканын Уналаклит шаарынан Ном шаарына бара жаткан. Тик учак менен жүргүзүлгөн изилдөө учурунда учактын сыныктары Нортон музунун үстүнөн табылган.

Белгилей кетсек, Аляскадагы учак кырсыгы АКШда болгон үчүнчү учак кырсыгы. Буга чейин Вашингтонго жакын жерде жүргүнчү учагы менен аскердик тик учак кагылышып, 67 адам каза болгон. Эки күндөн кийин Филадельфияда медициналык учак эл көп болгон кесилишке урунуп, жети киши каза болгон.