Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы дагы өстү

Экономика 24 февраль 2025 11:11
Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы дагы өстү

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы дагы өсүп, рекорддук көрсөткүчүн жаңылады.

Интерфакс маалымдагандай, алтындын кымбатташына дүйнөлүк экономикада баалуу металлдарга суроо-талаптын өсүшү себеп болууда.

Comex биржасында алтын унциясына 2954,8 долларга жетип, тарыхый чекке жетти.

Буга чейин эксперттер божомолдорго таянып, февралда баалуу металлдардын баасы 3 миң долларга чейин жогорулай тургандыгын айтышкан.

Эске салсак, январь айынын аягында дүйнөлүк биржада алтындын унциясы 2850 доллардан ашып, дээрлик 50%га көтөрүлгөн болчу.