Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Алтындын баасы быйыл 50-жолу жаңы рекорддук чекке жетти, деп жазат Интерфакс.
Маалыматка караганда, күн мурун биржадагы соода учурунда алтындын баасы унциясына 0,7%га өсүп, 4473 долларды түздү.
Мурдагы күнү алтын бир айдын ичинде рекорддук темп менен көтөрүлүп, жыл башынан бери 70%га көтөрүлүп, 1979-жылдан берки эң жакшы жылдык көрсөткүчүн көрсөттү.
Башка баалуу металлдардын баасы да өсүүдө: күмүш 0,2%га өсүп, унциясына 69,2 долларды түздү, платина 1,3%га, ал эми палладий 1%га өстү.