Алтын менен күмүштүн баасы кыйла төмөндөдү

Дүйнө Загрузка... 24 Март 2026 08:55
f7aa1ee7-1721-4026-88a2-8bee266d1eb5.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.03.26 /Кабар/. Алтын менен күмүштүн баасы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам кыйла төмөндөдү. Жакынкы Чыгыштагы кырдаал адатта алтын менен күмүштүн баасын көтөрүшү керек эле. Бирок бул жолу тескерисинче болуп, баалар кескин түшүп кеткенин Euronews агенттиги кабарлады.

Акыркы маалыматтарга ылайык, алтындын баасы бир жыл ичиндеги эң төмөнкү деңгээлге чейин түшүп, бир унциясы болжол менен 4100 долларга жеткен. Кийин кайра 4400 долларга чейин көтөрүлгөн. Бул өзгөрүү АКШ президенти Дональд Трамп Иранга сокку урууну убактылуу токтотуу чечимин жарыялагандан кийин болгон.

Жалпысынан алтын январь айындагы эң жогорку көрсөткүчтөн кийин 20%дан ашык арзандады.

Ал эми күмүштүн баасы андан да төмөндөдү. Анын январь айындагы тарыхый эң жогорку баасы 121,67 доллар болгон. Азыркы учурдагы баасы 61,76 долларга чейин түшүп, бул жыл башынан берки эң төмөнкү көрсөткүч болуп калды. Февралдын аягында 117 доллардын айланасында кармалып турган эле. Жалпысынан алганда, күмүш дээрлик 40–50%га арзандады.

Эксперттердин айтымында, бул көрүнүш мунай баасына байланышкан кооптонуулар жана пайыздык чендердин жогору болушу менен түшүндүрүлөт.

Адатта каатчылык маалында алтын менен күмүш “коопсуз актив” катары каралгандыктан, бул жагдай инвесторлорду тынчсыздандырууда.