Алтын менен күмүштүн баалары рекорддорду жаңылады

Дүйнө Загрузка... 15 Январь 2026 10:35
999-proba-zolota-i-serebra-znachenie-oboznacheniya-cvet-i-sostav4.730x0.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Алтын менен күмүштүн баалары рекорддорду жаңылады. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.

Маалыматка ылайык, алтындын баасы 0,9%га жогорулап, унциясына 4628,75 доллардан ашты.

Күмүштүн баасы 3,6% жогорулап, унциясына 90,04 долларды түздү. Баалар тарыхта биринчи жолу унциясына 90 доллардан ашып, күн ичинде унциясына 91,55 долларга жетти.

Эксперттердин пикиринде, дүйнөдөгү геосаясий тобокелдиктердин өсүшү баалуу металлдардын коопсуз активдер катары пайдаланууну жогорулатат.