VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдарынын дизайны сунушталды

Көчмөндөр оюндары-2026 26 август 2026 17:00
WhatsApp_Image_2026_cp1cAIv.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
WhatsApp_Image_2026-08-27_at_15.57.23_1.width-800.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_2026_cp1cAIv.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
WhatsApp_Image_2026-08-27_at_15.57.23_1.width-800.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрүнө ыйгарылуучу алтын, күмүш жана коло медалдардын расмий дизайны сунушталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, медалдын дизайн-концепциясы көчмөн кыргыз элинин салттуу философиясына негизделген жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий эн белгиси жайгаштырылган.

"Медаль эки беттен туруп, илгенге жана койгонго ылайыкташып орноткучу менен бир комплектти түзөт. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү дал ушул өзгөчө медалдар менен сыйланып, дүйнөлүк көчмөн спортунун тарыхында өз ысымдарын калтырышат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарыүстүбүздөгү жылы 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт.