“Алтын-Булак” санаторийи мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 1510 30 Март 2026 15:25
WhatsApp Image 2026-03-30 at 10.53.48 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-30 at 10.53.48.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-30 at 10.53.48 (2).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-03-30 at 10.53.48 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-30 at 10.53.48.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-30 at 10.53.48 (2).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Ак-Суу районунда 75 млн сомдук социалдык багыттагы кыймылсыз мүлктөр мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Ак-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 1993-жылы 2 гектар жер аянтында жайгашкан 4 корпустуу “Алтын-Булак” санаторийи, ошондой эле 2021-жылы Каракол айыл аймагындагы жалпы 0,51 га жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, базар баасы 71,6 млн сомду түзгөн санаторий жана 3,43 млн сомду түзгөн 0,51 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.