Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Казакстандын Алматы облусундагы катуу тиричилик калдыктарын таштоочу полигондо чыккан өрт 3 күндөн бери уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматына ылайык, кырдаал көзөмөлдө, жакынкы калктуу конуштарга жана тургундарга коркунуч жок.
Бирок, түтүндүн айлана-чөйрөгө тарашы менен байланыштуу, жашоочуларга жана конокторго көчөгө чыкпоону, терезе-эшиктерди жабууну, маска тагынууну жана ден соолугу начарласа, дароо дарыгерге кайрылууну сунушташууда.
Өрт Алматы – Өскөмөн автожолунун 35-чакырымында, Алатау айылынын жанындагы “ADC TAZA ALEM” компаниясына таандык полигондо башталган. Жалпы 35 гектар аянттын 10 гектары өрттөнгөн. Өрттү өчүрүүгө 7 региондон өрт өчүрүүчүлөр тартылган.
Шаардык акимчилик кырдаалга байланыштуу жергиликтүү деңгээлдеги техногендик өзгөчө кырдаал жарыялоо маселесин коомдук талкууга чыгарды.
Өзгөчө кырдаал жаралса, жарандар 112 номерине чалып кайрыла алышат.