Аллергиянын сезону башталды. Дарыгерден кеңеш алып, текшерүүдөн өтүңүз

Ден соолук Загрузка... 18 Март 2025 09:33
scs-8vc1811.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Жаздын келиши менен көптөгөн адамдар гүлдүү өсүмдүктөрдөн, чаңдан жана башка дүүлүктүрүүчү заттардан келип чыккан аллергиялык реакциялардын күчөшүнө дуушар болушат. Бул мезгилде симптомдорду контролдоо жана оорулардын алдын алуу үчүн тезинен медициналык жардамга кайрылуу өзгөчө маанилүү.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жарандарга Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында аллергияны аныктоо жана дарылоо маселелери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерден акысыз кеңеш алууга боло тургандыгын эскертет. Дарыгер алгачкы текшерүүнү жүргүзүп, белгилерин баалап, керек болсо акысыз лабораториялык анализдерге жөнөтөт.

Акысыз медициналык жардамды кантип алууга болот?

  1. ММКФ сайтынан камсыздандыруу статусун ММКФнын мобилдик тиркемесиндеги foms.kg/ru/status/ сайтынан текшериңиз же күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышка чалыңыз. Эгерде сизде медициналык камсыздандыруу жок болсо, ММК полисин мобилдик тиркемелер, төлөм терминалдары же банктар аркылуу сатып алыңыз
  2. ID картаңыз менен Үй-бүлөлүк медицина борборунда (ҮМБ) катталыңыз.
  3. Консультация жана текшерүү үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз.
  4. Көрсөтмөңүз бар болсо дарыгер ушул ҮМБда жүргүзүлүүчү лабораториялык изилдөөлөргө жолдомо берет.

Эмне үчүн өз убагында текшерүүдөн өтүшүңүз маанилүү

  • Аллергия мурундун агышы жана чүчкүрүү түрүндө гана көрүнбөстөн, бронхиалдык астма же анафилактикалык реакциялар сыяктуу олуттуу кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.
  • Дарыгер гана аллергиянын себебин так аныктап, натыйжалуу дарылоону дайындай алат.
  • Өзүн-өзү дарылоо абалыңызды начарлатып, оорунун күчөп кетишине алып келет.

Кошумча маалыматты ММК фондунун күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышынан кошумча маалымат алсаңыз болот. Бардык түзмөктөрдөн чалуулар – акысыз.