Алдыда дагы Африка өлкөлөрүнөн делегациялардын келиши күтүлөт – Кулубаев

Саясат Загрузка... 29 Апрель 2026 13:30
WhatsApp Image 2026-04-29 at 13.30.08 (1).jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.04.26 /Кабар/. Африка Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Биз алар менен эл аралык уюмдардын шартында, бири-бирибизди колдоого алып келебиз. Бул тууралуу Кыргызстан менен Того өлкөлөрүнүн жолугушуусунда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, Африка өлкөлөрү менен кызматташуу мезгили келди.

“Март айында расмий иш сапар менен Гана өлкөсүнүн тышкы иштер министри келип кетти. Бүгүн Того өлкөсүнүн өкмөт башчысы келип отурат. Эми май айында Африка өлкөлөрүнөн дагы бир катар делегациялардын келиши күтүлүүдө.
Африка биз үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Биз алар эл аралык уюмдардын шартында, бири-бирибизди колдоого алып келебиз. Эң башкысы – дүйнөдөгү жаңжалдар жана каатчылык шартында аталган өлкөлөр менен кызматташуу жана диверсификация абдан маанилүү деп эсептейм. Андыктан, биз кызматташтыкты мындан ары да улантабыз.
Бугүнкү жолугушуунун алкагында саясий, практикалык мүнөздөгү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары жана албетте, визалык режим камтылган 8 документке кол коюлду.
Андыктан, мен бул маанилүү документтер акырындык менен ишке ашырылып баштайт деп ишенем. Анткени, алардын келечеги чоң.
Андан сырткары бүгүн ортодогу каттамдар тууралуу сөз болду. Буга жараша алдыда авиа каттамдарды түзүүгө жана логистикалык борборлорду курууга аракеттерди жасайбыз”,-деди министр.

Белгилей кетсек, күн мурун Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе расмий сапар менен Кыргызстанга келген. Бул - Того өкмөт башчысынын Кыргызстанга жасаган алгачкы расмий сапары болуп саналат. Жолугушуунун алкагында эки өлкөнүн ортосунда 8 келишимге кол коюлду.