Аламүдүндө 11 миң долларга товар алып, акчасын бербей жүргөн аял кармалды

Укук тартиби Загрузка... 24 Сентябрь 2025 16:42
11.png
copyright icon Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Аламүдүндө 11 миң долларга товар алып, акчасын бербей жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-сентябрда Аламүдүн РИИБге И.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында 2023-жылы 1991-жылы туулган А.А. аттуу жаран (мурунку аты-жөнү М.Г.) ишенимге кирип, жалпы суммасы 11 миң доллардан ашык суммага куртка алып, качып кеткенин билдирген.

2024-жылдын март айында шектүү жарандын аты-жөнү өзгөртүлүп А.А. болуп катталганы аныкталган.

Жогорудагы факт боюнча Аламүдүн РИИБ тарабынан "Алдамчылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Анын негизинде А.А. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Бүгүнкү күндө Аламүдүн РИИБге дагы ушундай эле арыздар келип түшүп, арыздардын негизинде текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда милиция кызматкерлери А.А. аттуу жарандын дагы ушу сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экендигин текшерүүгө алууда.

Андыктан милиция кызматкерлери жогорудагы жарандын аракетинен жабыр тарткандар болсо төмөнкү телефондор аркылуу билдирүүгө чакырат: 0 (778) 64-94-99, 0 (708) 45-49-08, нөөмөт бөлүмү: 0 (312) 36-30-36 же 102.