Аламүдүн районунда коноктор үйдүн ээсин сабап, өлтүрүп коюшкан

Укук тартиби Загрузка... 16 Январь 2026 11:55
WhatsApp_Image_2026_xd20APH.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Чүй ОИИББ

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-январда Таш-Дөбө айылында 1973-жылы туулган Ш.А. аттуу жарандын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты каттоого алынып, тергөө башталды. 14-январда үйүндө чогуу ичимдик ичип отургандар арасында чыр чыгып, натыйжада Ш.А. жана П.С. аттуу жарандар Т.У. жана З. тарабынан сабалган.

Натыйжада Ш.А.нын сөөгүнө экспертиза дайындалып, ал эми П.С. ар кандай дене жаракаттары менен Бишкек шаарынын №4 шаардык клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Аталган факт боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1993-жылы туулган Т.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.