Аламүдүн дарыясынан 20 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Коом Загрузка... 24 Февраль 2025 09:42
1735299767676e92b74c550_middle.jpeg
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Аламүдүн дарыясын тазалоо иштери уланууда.

Мэриядан билдиришкендей, Аламүдүн дарыясынын нугун механикалык тазалоо иштеринин экинчи этабы 4-февралдан тарта “Кум-Шагыл” ЖАК темир-бетон заводунун үстүндөгү бөлүштүрүүчү шлюздан баштап күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө.

Тазалоонун жүрүшүндө, бүгүнкү күнгө карата 3,7 км тазаланды. Жалпысынан 929 Хово же 20 миң 438 тонна таштанды чыгарылды.

Жеринде 6 эксковатор жана 9 хово иш алып барууда.

Белгилей кетсек, аталган дарыянын шаар аймагынан өтө турган узундугу 15,7 км түзөт.