Бишкекте адам уурдоого шектелгендер кармалды: Алардын эң кичүүсү 15 жашта

Укук тартиби Загрузка... 24 Март 2026 10:40
copyright icon WWW

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Бишкекте адам уурдоого шектелген жаш жигиттер кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы билдирет.

Милицияга Аламүдүн-1 кичи районунун тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 17-мартка караган түнү саат 01:00 чамасында көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунан белгисиз адамдар анын К.Н. аттуу уулун унаага күчтөп салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүгү ("Адам уурдоо") менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында төмөнкү жарандар кармалды:

  • М.Н., 2006-жылы туулган;
  • Ю.Ф., 2006-жылы туулган;
  • И.Р., 2007-жылы туулган;
  • А.Р., 2009-жылы туулган (өспүрүм).

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр жабырлануучу К.Н.ны "карызы бар болчу" деген шылтоо менен акча талап кылуу максатында уурдап кетишкени аныкталган.

Үч шектүү убактылуу кармоочу жайга (УКЖ) киргизилип, кийинчерээк соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Ал эми жашы жете элек өспүрүм А.Р.га карата эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.