Алайда селден кийин дезинфекциялоо иштери жүрүүдө

Аймак 29 Апрель 2026 16:06
683070304_984856527275049_2950040787834301616_n.jpg
683181135_984856480608387_2295513317669809618_n.jpg
683193572_984856523941716_2353220387303498252_n.jpg
Алдыга
Артка
683070304_984856527275049_2950040787834301616_n.jpg
683181135_984856480608387_2295513317669809618_n.jpg
683193572_984856523941716_2353220387303498252_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Ош облусунун Алай районунда жүргөн селден кийин жугуштуу оорулардын алдын алууга багытталган ыкчам санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштер Гүлчө шаары, Курманжан датка айылы, Савай тикеси — Каримов жана Достук көчөлөрүндө аткарылды.

Селден жабыркаган аймактарда, анын ичинде 5 көп батирлүү турак үйдүн айланасында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Үйлөрдүн айланасы, жертөлө, ашкана, чарбалык курулуш жана санитардык түйүндөр залалсыздандырылууда.

Бул үчүн 3 даана атайын техника, 3 гидропульт жана 15 кызматкер тартылган.

Мындан тышкары, жабыркаган калктуу конуштарда азык-түлүктүн коопсуздугуна жана ичүүчү суунун сапатына туруктуу көзөмөл жүргүзүлүүдө.