Туризм тармагын өнүктүрүү — экономиканын өсүшүнө түздөн-түз салым кошо турган негизги багыттардын бири. Бул максатта бүгүн, 8-августта президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Ала-Тоо Резорт” ири тоо-лыжа кластери курулушуна расмий түрдө старт берилди. Президент белгилегендей, бул долбоор — жөн гана эс алуу комплекси эмес, улуттук экономиканын көтөрүлүшүнө, калктын жашоо деңгээлинин жогорулашына жана өлкөнүн туристтик дараметин дүйнөгө таанытууга багытталган чоң кадам болуп саналат.

Ысык-Көлдүн өрөөнүндөгү экономикалык локомотив
Ысык-Көл жергесине курула турган бул тоо-лыжа курорту Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң ири жана эң заманбап эс алуу жайына айланып, дүйнөлүк деңгээлдеги туристтик хаб болору күтүлүүдө. Комплекс эл аралык стандарттарга ылайык курулуп, жыл сайын миллиондон ашуун туристтерди кабыл ала турган шарттар менен жабдылат. Долбоор ишке ашкан соң өлкө бюджетине болжол менен жылына 150 миллион евро киреше түшөрү болжолдонууда. Президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген бул ири курулуш учурда ыкчам темпте жүргүзүлүп, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү максатында масштабдуу иштер жүрүп жатат.
Долбоордун негизин түзгөн инфраструктуралык объектилер
Комплекс "Каракол" эл аралык аэропортунан алыс эмес жерде жайгашат. Долбоор ошондой эле "Жыргалаң", "Ак-Булак" жана "Боз-Учук" тоолорун бириктирип, узундугу 250 чакырымга жакын лыжа трассалары, узундугу 4 чакырым болгон заманбап аркан жолдору орнотулат. Ошондой эле долбоор 5-4-3 жылдыздуу мейманканалар, коттедж шаарчалары, этноайыл, ден соолукту чыңдоо борборлору, оюн-зоок комплекстери, кафе-ресторандар, дүкөндөр жана 4 миң унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай салынат.

Долбоордо ведомстволор биргелешип иш алып барууда
Транспорт, энергетика жана айыл чарба министрликтери менен биргеликте курулуш иштеринин план-графиги бекитилген. Инфраструктуралык объектилерди курууга кеткен бардык чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат. Жер мыйзамына ылайык, 3916 гектар жер айыл чарба жана токой чарба категорияларынан өнөр жай, транспорт жана башка багыттагы категорияларга, туристтик объектилерди курууга которулган. Биринчи этапта 1624 гектар жерге Жыргалаң долбооруна, анын ичинен 58 гектары тоо айылына жана калган бөлүгү – инфраструктура, анын ичинде асма жолдору, лыжа трассаларына деп бөлүнгөн.
Долбоорунун алкагында Жыргалаң өрөөнүндө инфраструктура курулушун электр энергиясы менен камсыздоо максатында 35/10 кВ көмөк чордону курулууда.
Эл аралык стандарттардын негизинде
Мамлекеттик маанидеги бул долбоорду ишке ашырууга Европадан адистер чакырылган. Алар өлкөнүн ичинен Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы аталган аймакты тандап көрсөтүшүп, долбоордун планын түзүшкөн. Башкысы бекитилген долбоор заманбап эл аралык талаптарга жана жогорку экологиялык стандарттарга жооп берери аныкталган. Андыктан, анын жаратылышка тийгизген таасири да минималдуу болору белгиленген.

Инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана жер тилкелеринин аукциону
Мыйзамга ылайык, жер тилкелери жергиликтүү элге “кызыл китеп” менен берилсе, чет өлкөлүк жарандар 49 жылга ижарага берилет. Буга карата жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн жер тилкелери аукционго коюлуп, аталган жерлерге атамекендик жана чет элдик инвесторлор 3, 4 жана 5 жылдыздуу мейманканаларды, VIP-коттедждерди, этно-таунхаустарды, ресторандарды, кафелерди, SPA-комплексин жана башка коммерциялык объектилерди кура алышары белгиленген. 15–18-июль күндөрү Жыргалаң аймагындагы жаңыдан түптөлө турган туристтик шаарча үчүн 49 жер тилкеси ачык аукцион аркылуу сатууга коюлуп, анын ичинен 14 объект өз ээлерин тапкан. “Аукцион аркылуу курулган объектилерден түшкөн акча каражаттары долбоордун экинчи жана үчүнчү (Ак-Булак жана Боз-Учук) фазаларын курууга жумшалат”, - деп билдирген өлкө башчысы.

Долбоор 2028-жылы аягына чыгарылат
Долбоор 2028-жылы аяктай тургандыгы белгиленүүдө. 2026-жылдын ноябрь-декабрь айларында биринчи фазасы (Жыргалаң) аяктап, лыжа трассалары ишке берилет. 2027-жылы экинчи фазасы (Ак-Булак) жыйынтыкталып, 2028-жылы үчүнчү фазасы (Боз-Учук) бүтүп, үч тоонун трассалары биригип, толук кандуу иштей баштайт. Өлкө башчысы жыйындардын биринде бардык этаптарда ишти өз убагында бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жооптуу органдарга курулуш процессинин үзгүлтүксүз жүрүшүн жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышын, инфраструктуралык иш-чараларда кечиктирүүлөргө жол бербөөнү тапшырган