“Ала-Тоо Резорт” долбоору. “Жыргалаң” курортунда 6 кабатка чейинки имараттар курулат

Туризм Загрузка... 23 Июнь 2025 12:50
WhatsApp Image 2025-06-23 at 12.00.56.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.06.25. /Кабар/. "Ала-Тоо Резорт" долбоорунун алкагында “Жыргалаң” курортунда 6 кабатка чейинки имараттар курулат. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик мекемесинин директору Жаркынбек Максүтов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аукционго коюлган курорттук объекттер курула турган жер тилкелери мыйзамдарга ылайык, кыргызстандыктарга “кызыл китеп” менен берилет. Ал эми чет өлкөлүк жарандар жер тилкелерди 49 жылга ижарага алат.

“Жакында биз инвесторлорду “Жыргалаң” курорту түшө турган аймакка алып барып, жеринен тааныштыруу иштерин жүргүзүүнү пландап жатабыз. Аукциондон уткан инвесторлор бекитилген долбоорго ылайык, бирдиктүү коддорду сактоо максатында имараттардын сырты көрүнүшүн алмаштырганга укугу жок. Алар ички планын гана каалагандай кылып түзө алат”, - деди ал.

Жаркынбек Максүтовдүн пикиринде, "Ала-Тоо Резорт" долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабында “Жыргалаң” курорту курулат. Мындагы иштерди 2026-жылдын аягына чейин аяктоо мерчемделүүдө.

Планга ылайык, кийин 3 курорт - “Жыргалаң”, “Ак-Булак” жана “Боз-Учук” курорттору бириктирилет. Жалпысынан 250 чакырымга жакын лыжа трассалары курулат. Долбоор ишке ашкандан кийин 5 миңге жакын жумуш оруну түзүлөт деп күтүлүүдө. Азиядагы эң ири эс алуу жайына айлана турган аймакка жылына 2 миллионго чейин турист кабыл алууга мүмкүнчүлүк жаралат.