Бишкек, 07.07.2026 /Кабар/. “Ала-Тоо Резорт” тоо кластериндеги асма аркан жол декабрь айына чейин сыналып, иштеткен кызматкерлер кошумча окуудан өткөндөн кийин, расмий ачылышынан соң конокторду кабыл ала баштайт. Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси Аскат Чолпонбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө “Ала-Тоо Резорттогу” асма аркан жолго эс алуучулар жана туристтер кабыл алына элек.
“Биринчи этапта 4 чакырымга жакын асма аркан жолду куруп бүттүк. Маалым болгондой, асма аркан жолду дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы заманбап технология менен курууда. Дагы бир өзгөчөлүгүнө токтоло кетсем, мында кабина ичинде көп өлкөдө жок жаңы система менен эки түрдүү отургучтар бар. Бир эле асма аркан жолдо ачык отургучтар жана жабык кабина түрүндөгү отургучтар болот. Эки түрдөгү отургучтарды койгонубуздун себеби, бул курорт бардык мезгилде эс алууга ылайыкташкан. Бир гана кышкысын лыжа тебүүгө эмес, бардык сезондо келип жаратылышта эс алууга ылайыктуу курулууда”, - деди Чолпонбаев.
Ал ошондой эле долбоордун алкагында эң алдыңкы станция 2250-2900 метр бийиктиктен жогору экинчи, үчүнчү этап менен 3300 метр бийиктикке чейин асма аркан жолду көтөрүү пландалып жатканын кошумчалады.