Акыркы үч жыл тарыхтагы эң ысык мезгил катары катталды

Дүйнө Загрузка... 16 Январь 2026 12:40
WhatsApp Image 2026-01-16 at 13.48.42.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 16.01.26 /Кабар/. 2023, 2024 жана 2025-жылдар - климаттык байкоолор жүргүзүлө баштагандан берки планетадагы эң ысык жылдар катары катталды. Бул аралыкта орточо температура 1,5 градустан жогору сакталып турганы тууралуу Science News журналынын маалыматына таянып, Известия билдирет.

Анда белгиленгендей, глобалдык климаттык маалыматтардын анализине ылайык, окумуштуулар бул абал экосистемаларга, адамдардын саламаттыгына коркунучту күчөтүп, ысык толкун, кургакчылык жана катуу жаан-чачын сыяктуу табигый кырсыктардын көбөйүшүнө алып келет. Ошондой эле эксперттер планета 2029-жылга чейин 1,5 градустун чегинен өтүшү мүмкүн экендигин эскертишет.

Температуранын жогорулашынын негизги себеби - атмосферада парник газдарынын топтолушу, айрыкча көмүр, мунай жана газ сыяктуу казылып алынуучу отундарды көп колдонуу менен байланыштуу. Бул фактор климатологдордун айтымында, экстремалдуу аба ырайынын тез-тез кайталанышына шарт түзүүдө.

Ал эми 2026-жылга так божомол жасоо азырынча эртерээк болгону менен, жалпы тенденция туруктуу бойдон калууда.