Акыркы 100 жылда адамдардын бою 10 сантиметрге узарды

Дүйнө
Акыркы 100 жылда адамдардын бою 10 сантиметрге узарды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 20.10.26 /Кабар/. Акыркы 100 жылда дүйнө жүзүндө адамдардын орточо бою болжол менен 10 сантиметрге узарды. Бул туура тамактануунун жакшырышы, медицинанын өнүгүшү, эмдөөнүн жайылышы жана жашоо деңгээлинин жогорулашы менен байланыштуу экендигин Казинформ жазды.

Our World in Data изилдөө платформасынын маалыматына ылайык, 1996-жылы төрөлгөн адамдар 1896-жылы төрөлгөндөргө салыштырмалуу кыйла узун бойлуу.

Акыркы бир кылымда аялдардын бою эң көп Түштүк Кореяда, ал эми эркектердики Иранда узарган. Атап айтканда, түштүк кореялык аялдардын орточо бою 20 сантиметрге, ирандык эркектердики 17 сантиметрге өскөн.

Бирок тарыхта адамдардын бою дайыма эле узара берген эмес. Мисалы, мындан 12 миң жылдай мурда аңчылык жана жыйноочулуктан дыйканчылыкка өтүү орточо бойдун кыскарышына алып келген болушу мүмкүн. Изилдөөчүлөрдүн пикиринде, азык-түлүк менен камсыздоо туруктуураак болгону менен, тамак-аштын түрдүүлүгү азайып, адамдар менен жаныбарлардын жакын жашашынан улам жугуштуу оорулар кеңири тараган.

Кийинки кылымдарда да адамдардын орточо бою өзгөрүп турган. Мисалы, Англияда XIV кылымдын башында орточо бой 170 сантиметрди түзсө, XV кылымдын башында 174 сантиметрге жеткен. Окумуштуулар муну калктын саны азайгандан кийин эмгек акынын жогорулашы жана жашоо шарттарынын жакшырышы менен байланыштырышат. Буга 14-кылымда Европада кеңири жайылган кара тумоо эпидемиясы себеп болгон.

XVIII кылымдагы өнөр жай революциясынын алгачкы мезгилинде санитардык шарттардын начардыгы, тар үйлөрдө жашоо жана оор эмгек адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизген. Кийин медицинанын өнүгүшү, тамактануунун жана турак жай шарттарынын жакшырышы менен калктын орточо бою өсө баштаган.

Ошол эле учурда өнүккөн өлкөлөрдө адамдардын бою мындан ары анчалык өспөй калышы мүмкүн. Our World in Data платформасынын маалыматына ылайык, 1996-жылы төрөлгөн адамдардын орточо бою эркектерде 171 сантиметрди, аялдарда 159 сантиметрди түзгөн.

Изилдөөчүлөрдүн божомолунда, бул айрым өлкөлөрдө адамдардын бою генетикалык жактан аныкталган чекке жеткени же тез татымдардын популярдуулугунун өсүшү жана кыймылсыз жашоо образы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок мунун так себептери азырынча белгисиз.