Акылбек Кылычев Ирандын тышкы иштер министрине ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды — Кабар

Акылбек Кылычев Ирандын тышкы иштер министрине ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Тышкы саясат 1 январь 2026 14:48
c5daa8bf-208b-3384-ad82-994082284561.jpg
7df49317-42b3-30fe-a9b4-96f17d95e1c3.jpg
f7a8fb9e-cf96-33d1-a176-998dc25c98bf.jpg
Алдыга
Артка
c5daa8bf-208b-3384-ad82-994082284561.jpg
7df49317-42b3-30fe-a9b4-96f17d95e1c3.jpg
f7a8fb9e-cf96-33d1-a176-998dc25c98bf.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ТИМ

Бишкек, 01.01.26. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Акылбек Кылычев Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчиге ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, саясий диалогду бекемдөөгө жана өз ара кызыкчылык жараткан артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө өз ара берилгендигин ырасташты.

Элчи Акылбек Кылычев эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун жана ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы өнөктөштүктү андан ары тереңдетүү жана байланыштарды активдештирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Ирандын тышкы иштер министри элчиге дипломатиялык миссиясында ийгиликтерди каалап, эки тараптуу байланыштарды ырааттуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.