Актаудагы авиакырсык боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы декабрь айында чыгат - Ластаев

Борбор Азия Загрузка... 19 Февраль 2025 13:03
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Актауда кыйраган Азербайжандын AZAL учагы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы ушул жылдын декабрь айында чыгат. Бул тууралуу Казакстандын транспорт министринин орун басары Талгат Ластаев “Казинформ” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

“ИКАОнун талаптарына жана стандарттарына ылайык, иликтөө үчүн бир жыл берилет. Ага ылайык, ушул жылдын декабрына чейин тергөө боюнча жыйынтыктоочу корутунду даяр болушу керек”, - деген Ластаев.

Анын айтымында, башкы катчы жана ИКАОнун президенти кырсык боюнча алдын ала жыйынтыктын сапатын жогору баалашкан.

“Авиациядагы стандарттарды жана эрежелерди жөнгө салуучу негизги уюм ИКАО болуп саналат. Бир жума мурун Абу-Дабиде дүйнөлүк иш-чара болуп өттү. Анын алкагында ИКАОнун башкы катчысы жана президенти менен жолугушуулар болду. Алар Казакстан тарабынан чыгарылган иликтөөнүн алдын ала жыйынтыктын сапатын жогору баалап, фактылардын так берилгендигин белгилешти”, - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, өткөн жылдын 25-декабрында Актау аэропортунан үч чакырым алыстыкта Azerbaijan Airlines (AZAL) Embraer учагы кыйраган. Бакудан Грозныйга учуп бараткан учак авариялык конууга аракет кылып жатып кулап түшкөн.

Учакта 67 адам, анын ичинде беш экипаж мүчөсү болгон. Кырсыктын кесепетинен 38 жүргүнчү каза болуп, 29 адам аман калган.