Аксыда Нарын дарыясына түшүп кеткен баланы издөө уланууда

Кырсык Загрузка... 09 Апрель 2026 11:20
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 09.04.26 /Кабар/. Аксы районундагы Кум айылында Нарын дарыясына түшүп кеткен жаш баланын сөөгүн издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, бүгүн издөө иштерине төмөнкү күчтөр тартылды:

  • Аксы райондук өрт-куткаруу бөлүгүнөн — 12 куткаруучу;
  • Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан — 5 куткаруучу (суучулдар);
  • ИИМден — 3 кызматкер;
  • Чек ара кызматынан жана жергиликтүү тургундардан — 20га жакын адам.

Жалпысынан издөөгө 40 адам жана 2 кайык катышууда.

Эске салсак, 5-апрель күнү 2018-жылы туулган К.И. аттуу бала Нарын дарыясына түшүп кеткен. Издөө иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.