АКШнын иммиграция кызматкери Миннеаполисте аялды атып өлтүрдү

Дүйнө Загрузка... 08 Январь 2026 15:40
IMG_0438.png
copyright icon WWW

Бишкек, 08.01.26. /Кабар/. АКШнын иммиграция кызматынын (ICE) кызматкери Миннеаполис шаарында аялды атып өлтүрдү. Бийликтин айтымында, ал аял унаасы менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин сүзүп кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирди.

Окуя ICE жүргүзгөн рейд учурунда болгон. Интернеттеги видеолорду талдоонун жыйынтыгында, кызматкер аялдан унаанын эшигин ачууну талап кылганы көрүнөт. Андан кийин автоунаа жай жылып, машинанын алдында турган дагы бир ICE кызматкери тапанчасын чыгарып, жол тандабас тарапка эки жолу ок чыгарган.

«Видеолордон унаа офицерди сүзгөн-сүзбөгөнү так көрүнбөйт. Ок атылгандан кийин жол тандабас тротуар жээгинде токтоп турган эки унааны сүзүп, токтогон», — деп жазат Associated Press.

37 жаштагы жарадар аял ооруканага жеткирилген, бирок ал ошол жерде көз жумган. Агенттиктин маалыматына караганда, ал үй-бүлө мүчөсүнүн көз алдында атылган. Окуя 2020-жылы полиция кызматкери Жорж Флойдду өлтүргөн жерден болжол менен 1,5 чакырым алыстыкта болгон.

АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин башчысы Кристи Ноэм маркум кызматкерди сүзүүгө аракет кылганын, ал эми офицер өзүн жана айланасындагыларды коргоо үчүн курал колдонгонун билдирди.

Миннеаполис шаарынын мэри Жейкоб Фрей болсо ICE кызматкерлерин шаардан «дароо кетүүгө» чакырып, офицер өзүн коргоду деген билдирүүнү «болбогон сөз» деп атады.

Бул окуяга АКШ президенти Дональд Трамп да реакция кылды. Ал аялды «кесипкөй козутуучу» деп атап, анын «тартипсиз жүрүп, каршылык көрсөткөнүн» жана «атайылап ICE офицерин сүзгөнүн» айтты. Трамптын пикиринде, кызматкер өзүн коргоо максатында ок чыгарган.

Ак үйгө кайтып келгенден кийин Дональд Трамп мигранттарга карата катуу саясат жүргүзө баштаган. Айрыкча, АКШда мыйзамсыз жүргөндөрдү активдүү депортациялоого чакырган. 2025-жылдын ноябрь айынын аягында ал башпаанек издеп келген бардык чет элдиктерди өлкөдөн чыгарууга убада берген. Буга жооп катары АКШда ICE рейддерине каршы бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.