Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюму АКШнын дээрлик 4 миллиард доллар карызынын канча бөлүгүн Трамптын администрациясы төлөй турганын жана ал качан берилерин тактоону күтүп жатканын билдирди, деп маалымдайт Kazinform NBC News телеканалына таянып.
Өткөн жумада БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш уюмдун финансылык эрежелери өзгөртүлбөсө же 193 мүчө мамлекет өз мүчөлүк акыларын төлөбөсө, БУУ жакын арада финансылык кризиске кабыларын эскертти.
Учурда АКШнын уюмга кезектеги операциялык бюджети боюнча карызы 2,19 миллиард долларды, анын ичинде 767 миллион доллары ушул жылга таандык. Мындан тышкары, АКШ БУУнун тынчтык орнотуу операциялары үчүн бөлүнгөн өзүнчө бюджет боюнча 1,8 миллиард доллар карыз жана бул сумма дагы өсүшү мүмкүн.
АКШнын БУУдагы өкүлчүлүгү Трамптын администрациясы бир нече жуманын ичинде карыздын чоң бөлүгүн төлөөнү пландап жатканын тастыктады, бирок так суммасы азырынча белгисиз.
Гутерриш өткөн жумада мүчө мамлекеттерге жолдогон катында июль айына чейин операциялык бюджеттин каражаты түгөнүп калышы мүмкүн экенин, бул уюмдун ишине олуттуу таасир берерин белгилеген.