АКШнын 250 жылдыгы: Трамптын сүрөтү түшүрүлгөн эстелик паспорттор чыгарылат

Дүйнө Загрузка... 29 Апрель 2026 09:25
WhatsApp Image 2026-04-29 at 07.33.40.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.04.26 /Кабар/. АКШнын Мамлекеттик департаменти өлкөнүн 250 жылдык мааракесине арналган чектелген сандагы эстелик паспортторду даярдап жатканын билдирди. Бул паспорттордо алгачкы жолу учурдагы президент Дональд Трамптын сүрөтү колдонулат. Ал тирүү кезинде паспортуна сүрөтү түшүрүлгөн биринчи америкалык лидер болуп калат. Бул тууралуу Associated Press агенттигине таянып, Известия кабарлайт.

Маалыматка ылайык, атайын паспорттун концепциясы бир нече ай бою талкууланып, дүйшөмбү күнү кечинде бекитилген. Жалпы тиражы 25 миңден 30 миңге чейин болот. Эстелик паспорттор 4-июлдан тартып Вашингтондогу паспорттук кеңседе документтерди жеке тапшырган жарандар үчүн жеткиликтүү болот. Ал эми кадимки паспорт алууну каалагандар аны онлайн же башка кеңселер аркылуу жол-жоболоштура алышат.

Мамдепартаменттин басма сөз катчысы Томми Пиготт билдиргендей, бул серия өзгөчө дизайнга ээ болуп, ошол эле учурда бардык стандарттык коопсуздук элементтерин сактайт. Паспорттун ичинде президенттин сүрөтү алтын түстөгү кол тамганын үстүнө жайгаштырылат. Мукабасында өлкөнүн аталышы жана “Паспорт” деген жазуу алтын тамгалар менен түшүрүлөт. Арткы бетинде алтын түстөгү ламинация менен АКШнын желеги жана “250” саны көрсөтүлөт.

Маалыматка ылайык, азыркы америкалык паспорттордо мурдагы президенттер — Жорж Вашингтон, Томас Жеферсон, Теодор Рузвельт жана Авраам Линкольн, ошондой эле Эркиндик айкели, Эркиндик коңгуроосу жана Көз карандысыздык залы сыяктуу символдордун сүрөттөрү бар.