АКШдагы кар бороонунан каза болгондордун саны 85ке жетти

Дүйнө Загрузка... 02 Февраль 2026 09:20
WhatsApp Image 2026-02-02 at 08.37.00.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. АКШда кар бороонунан кеминде 85 адам каза болду. Бул тууралуу Associated Press билдиргенин, Интерфакс жазды.

Маалыматка караганда, өлүмдөрдүн эң көп саны Теннесси, Миссисипи жана Луизиана штаттарында катталган.

PowerOutage.com сайтынын маалыматтарына ылайык, АКШда болжол менен 230 миң үй-бүлө электр жарыгысыз калууда, кырдаал Теннесси жана Миссисипиде эң оор.

Кар бороону Виржиния, Жоржия, Теннесси, Түштүк Каролина жана Түндүк Каролина штаттарына таасирин тийгизүүдө. Түндүк жана Түштүк Каролинада өзгөчө кырдаал жарыяланган.