АКШдагы авиакырсыкта Кытайдын эки жараны каза болду

Дүйнө Загрузка... 31 Январь 2025 12:11
WhatsApp Image 2025-01-30 at 08.33.09 (2).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Вашингтондогу авиакырсыкта Кытайдын эки жараны каза болду. Бул тууралуу "Синьхуа" агенттиги жазды.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, Кытайдын эки жараны Рейган аэропортуна жакын жерде болгон авиакырсыкта каза тапты", - деп айтылат маалыматта.

Ал арада Кытайдын АКШдагы элчилиги көз жумгандардын үй-бүлөлөрүнө бардык жардамдарды көрсөтүү үчүн америка тарапка кытайлык жарандар тууралуу кабарды тактап берүү керектигин айтып кайрылды.

Эске салсак, 30-январда Вашингтондогу Рональд Рейган аэропортунан анча алыс жерде аскердик тик учак менен жүргүнчү ташыган учак кагылышып, Потомак дарыясына кулаган.

Учактын бортунда 60 жүргүнчү жана 4 экипаж мүчөсү, ал эми тик учакта кеминде үч аскер кызматкери болгон.