Бишкек, 30.12.25 /Кабар/. 2025-жылы АКШнын ири жасалма интеллект (ЖИ) стартаптары рекорддук көлөмдө - 150 млрд доллар инвестиция тартты. Бул тууралуу Financial Times басылмасына таянып, Интерфакс жазды.
Буга чейин мындай рекорд 2021-жылы катталып, инвестициянын көлөмү 92 млрд долларды түзгөн.
Быйылкы көрсөткүчтүн курамына OpenAI компаниясынын 41 млрд долларлык, Anthropic компаниясынын 13 млрд долларлык, ошондой эле Meta компаниясынын Scale AI стартапына салган 14 млрд долларлык инвестициялары кирет.
Мындан сырткары, жыл ичинде Anysphere, Perplexity жана Thinking Machines Lab стартаптары да бир нече жолу венчурдук капитал тартууга жетишишкен.
Адистердин айтымында, көп инвестиция компанияларга рыноктогу кыйынчылыктарга туруштук берүүгө жардам берет.
Ошондой эле айрым инвесторлор жасалма интеллекттин өзгөртүүчү потенциалына болгон кызыгуу жогору болуп турган учурда стартаптарга каржылык резервдерди түзүп алуу сунушталарын Financial Times белгилейт.