Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. АКШдагы YouTube сервисинин колдонуучулары анын ишиндеги масштабдуу мүчүлүштүктөргө даттанышууда. Популярдуу интернет-ресурстардын ишин жана өчүрүлүшүн көзөмөлдөгөн Downdetector сайтынын маалыматы боюнча, жалпысынан 338 миңден ашык арыз түшкөн. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирет.
YouTube сервисинин ишиндеги көйгөйлөр Москва убактысы боюнча, болжол менен саат 03:40та башталып, саат 04:10го карата 338 миңден ашуун америкалык колдонуучу мүчүлүштүктөр тууралуу кабарлаган.
YouTube — видеохостинг кызматтарын көрсөткөн сервис. Колдонуучулар ал жерге тигил же бул видеолорду жүктөп, көрүп жана пикир калтыра алышат.