Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. АКШда 50 миллиондон ашуун тургун торнадо, ири мөндүр жана кыйратуучу шамалдардын коркунучунда калды. Бул тууралуу АКШнын Улуттук метеорология кызматы билдиргенин Kazinform агенттиги маалымдады.
Синоптиктердин айтымында, Миннесота, Висконсин жана Канзас штаттарында буга чейин эле торнадо болуп, чоңдугу бейсбол тобундай мөндүр жааган.
Айова штатында, Висконсиндин түштүк бөлүгүндө, Иллинойстун түндүгүндө, Индиана жана Огайо штаттарынын түндүк аймактарында, ошондой эле Мичиган штатынын түштүгүндө чоң кооптуулук жарыяланды.
Метеорологдор Чикаго, Милуоки, Де-Мойн жана Детройт сыяктуу ири шаарларда күчтүү торнадолор, кыйратуучу шамалдар жана ири мөндүр күтүлөрүн билдиришти.
Бороон-чапкындар Оклахомадан тартып Висконсиндин түштүгүнө чейинки аймактарды да камтыйт. Ошондой эле Пенсильвания жана Огайо штаттарынын айрым бөлүктөрү, анын ичинде Питтсбург жана Кливленд шаарлары да коркунуч алдында турат.
Адистер тургундарды аба ырайы боюнча акыркы маалыматтарды тыкыр көзөмөлдөөгө жана коопсуздук чараларын сактоого чакырышты.
Эске салсак, январь айынын аягында АКШда акыркы 100 жылдагы эң күчтүү бороондордун бири болгон Ферн кышкы бороону катталган. Анын кесепетинен 13 миңден ашуун аба каттамы токтотулуп, 140 миңге жакын керектөөчү электр энергиясыз калган. Нью-Йорк шаарында аба ырайынын кесепетинен каза болгон адамдардын сөөктөрү табылган.