Бишкек, 24.04.26 /Кабар/. АКШнын Жоржия штатында токой өрттөрү күч алып, 50дөн ашуун турак жай толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ТАСС билдирет.
Маалыматка ылайык, кургак жана ысык аба ырайы өрттүн бат жайылышына шарт түзүп, айрыкча Брентли округунун түштүк бөлүгүндө кырдаал оор бойдон калууда. Учурда дагы миңге жакын турак жай жана башка имараттар өрт коркунучу алдында турат.
Жергиликтүү бийлик тургундарды коопсуз жайларга эвакуациялоону баштады. Ошондой эле коңшу Флорида штатынын түндүк аймактарында да өрттөр катталып, ал жакта да элди көчүрүү иштери жүрүп жатат.
Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча тактала элек.