Бишкек, 15.02.26. /Кабар/. 29-январда АКШнын Калифорния штатынын Лос-Анжелес шаарында Кыргызстандын жарандары катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жабырлануучулардын арасында АКШдагы жергиликтүү билим берүү мекемелеринде окуган төрт кыргызстандык болгон.
Кыргызстандын АКШдагы чет өлкөлүк мекемелери жабыркагандар менен туруктуу байланышта болуп, алардын абалын көзөмөлдөп турушат. Учурда бардык жарандарга зарыл медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
"Кыргыз диаспорасы тарабынан дарыланууга каражат чогултуу уюштурулган, учурда укуктук жардамга муктаждык жок. Аталган кырдаал Кыргызстандын чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.