АКШдагы катуу бороон кеминде 26 адамдын өмүрүн алды

Дүйнө Загрузка... 27 Январь 2026 09:00
caa0841d-d03c-4e3b-a41a-a457b1ab45e7.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Үч күн мурун АКШны каптаган "Ферн" бороонунун кесепетинен кеминде 26 адам каза болду, деп New York Post гезити билдиргенин Коммерсант жазды.

Маалыматка караганда, адамдар ар кандай себептерден, анын ичинде кырсыктардан, үшүктөн, экстремалдык аба ырайынын кесепеттеринен каза болушту.

Бороон 235 миллиондон ашык АКШнын тургунуна таасирин тийгизип, 700 миң адам электр жарыгысыз калды.

23-январда башталган кардын калыңдыгы 30 сантиметрге жетти.