Ташкент, 16.04.25. /Кабар/. АКШнын Мамлекеттик департаменти Өзбекстанга жарандык коомду өнүктүрүүгө багытталган 2,5 млн долларлык грантты токтотконун билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар маалымдады.
Аталган каражат АКШ тарабынан чет мамлекеттердеги ар кыл долбоорлорго каралган жалпы 215 млн долларлык гранттардын курамына кирген. Бул сумма 139 ар түрдүү долбоорлорго бөлүнмөк. Бирок, АКШ мамлекеттик катчысы Рикардо Рубио бул программаларды натыйжасыз деп таап, аларды токтотуу чечимин кабыл алган.
"Мамкатчы Рубио Мамдепартаменттин чет өлкөлөргө жардам көрсөтүү иштерин кылдат иликтөөдө. Натыйжада, бүгүн 215 млн долларлык 139 натыйжасыз грантты жокко чыгарды", — деп жазылат АКШ өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жогорулатуу боюнча департаменттин (DOGE) социалдык тармактагы билдирүүсүндө.
Өзбекстандан тышкары бул чечим Беларус, Болгария, Бразилия, Улуу Британия, Ливанды, Мавритания, Молдова жана Тунистин долбоорлорун да камтыйт.
DOGE департаменти АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы тарабынан түзүлгөн. Аталган мекеме мамлекеттик чыгашаларды кыскартуу максатында ар кандай мамлекеттик структураларды текшерип, аудит жүргүзүп, бир катар бюджеттик беренелер боюнча үнөмдөө сунуштарын киргизип келет. Ошондой эле кадрдык кыскартууларды да демилгелеген.
Буга чейин да АКШ бийлиги Гарвард университетине бөлүнчү 2,2 млрд долларлык гранттарды жана 60 млн долларлык келишимдерди убактылуу токтоткон. Мындай чечим окуу жай Трамп администрациясынын талаптарын аткаруудан баш тарткандан кийин кабыл алынган.