АКШ курама командасы Кыргызстандагы меймандостукту жогору баалады

Көчмөндөр оюндары-2026 2 сентябрь 2026 17:20
АКШ курама командасы Кыргызстандагы меймандостукту жогору баалады
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 02.09.26 /Кабар/. Америка Кошмо Штаттарынын улуттук курама командасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышууда. Бул тууралуу”Кабар” агенттигине команданын менеджери Чериш Анжелика Михаэла Томпсон билдирди.

Ал өз сөзүндө, Кыргызстандагы жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди.

“Бул жерде жүргөнүбүзгө абдан сыймыктанабыз. Бизди жакшы тосуп алганы үчүн Кыргызстанга чексиз ыраазыбыз. Бул жерде бизге таптакыр бөтөн эмес, бир туугандай мамиле кылып жатышат. Биздин жигиттер Көчмөндөр оюндарына катышып жатканына абдан сүйүнүп, толкунданып жатышат”, — деди ал.

Анын айтымында, АКШ курамасынын спортчулары өлкөнүн ар кайсы штаттарынан келишкен.

“Иш-чаранын уюштуруу иштерине абдан ыраазыбыз. Уюштуруучулар бизге өзгөчө сылык жана меймандос мамиле кылышууда. Кыргызстанга кайрадан кайтып келүүнү чыдамсыздык менен күтөбүз. Сиздерге чоң рахмат!” — Чериш Анжелика Михаэла Томпсон.

Америкалык спортчулар жана делегация мүчөлөрү Кыргызстан элинин жылуу кабыл алуусун жогору баалап, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.