АКШ 75 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык виза берүүнү токтотот

Дүйнө Загрузка... 16 Январь 2026 11:05
WhatsApp Image 2026-01-16 at 08.58.06.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 16.01.26 /Кабар/. АКШнын Мамлекеттик департаменти 75 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык виза берүүнү убактылуу токтотот. Бул тууралуу Fox News телеканалы маалымдайт.

Анда кабарлангандай, виза берүүнү токтотуу 21-январдан тарта күчүнө кирип, Мамлекеттик департамент иммиграциялык процессти толук кайра карап чыкканга чейин белгисиз мөөнөткө уланат. 75 өлкөнүн ичинде Кыргызстан, коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Россия бар.

2025-жылдын ноябрында дүйнө жүзүндөгү консулдук өкүлчүлүктөргө жиберилген мамлекеттик департаменттин телеграммасында “коомдук жүк” (public charge) жобосунун негизинде талапкерлерди текшерүүнүн жаңы, катаал эрежелери колдонулушу керектиги көрсөтүлгөн.

2025-жылдын ноябрында департамент консулдуктарга “коомдук жүк” (public charge) жобосунун негизинде талапкерлерди тыкыр текшерүү боюнча жаңы көрсөтмө жиберген. Бул эрежеге ылайык, консулдук кызматкерлер талапкердин жашын, ден соолугун, англис тилин билүүсүн жана каржылык абалын карашат. Улгайган курактагы, ашыкча салмагы бар же мурда мамлекеттен акчалай жардам алган талапкерлерге виза берилбеши мүмкүн.

Белгилей кетсек, “коомдук жүк” жобосу ондогон жылдардан бери бар болгону менен, аны колдонуу ар кайсы бийлик учурунда ар башкача болгон.