АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан расмий түрдө чыкты

Дүйнө Загрузка... 23 Январь 2026 14:26
WhatsApp_Image_2026_XEPIDU3.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) менен кызматташууну токтотту. Өлкө эми глобалдык саламаттык сактоо маселелери боюнча башка өлкөлөр жана жеке топтор менен түз иштешүүнү чечти, деп билдирет Кazinform.

"АКШ глобалдык саламаттык сактоо тармагында алдыңкы ролду ойноону уланта берет, бирок ДССУ аркылуу эмес", - деп айтылат АКШнын Саламаттык сактоо жана социалдык кызматтар министрлигинин билдирүүсүндө.

Трамптын администрациясы ДССУ менен болгон көптөн берки келишпестиктерге таянып, уюмду COVID-19 пандемиясына туура эмес жооп кайтарган, зарыл реформаларды жүргүзө алган эмес жана АКШга адилетсиз финансылык талаптарды койгон деп айыптады.

Мамлекеттик департаменттин билдиришинче, уюмду андан ары каржылоо токтотулат, себеби ДССУнун каталары АКШга триллиондогон доллар чыгым алып келген. Жарлыкка ылайык, америкалык кызматкерлер ДССУдан токтоосуз түрдө кайра чакыртылып алынды, ал эми АКШнын маанилүү глобалдык сүйлөшүүлөргө, анын ичинде пандемияга каршы күрөшүү боюнча келишимди иштеп чыгууга катышуусу токтотулду.