Ак-Таш жайлоосунда жаратылышка зыян келтирген айдоочуларга айып салынды

Экология 22 Июнь 2026 09:35
726539771_1773647540293164_5864348105686207145_n.jpg
728449632_1330547879152928_6281133434009164272_n.jpg
729838923_833620832954382_3638075887007631709_n.jpg
729784860_992535946818424_2728802615957913388_n.jpg
728004281_1492548665383461_6713535598545846616_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Аламүдүн райондук милициясынын кызматкерлери менен биргеликте Чүй облусунун Ак-Таш жайлоосунда жайыт жерлерди унаа, эндуро менен тебелеп, жаратылышка зыян келтирген жарандарды аныктады. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган фактылар боюнча Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин негизинде 7 протокол түзүлүп, мыйзам бузгандарга жалпы 38 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Рейддин жүрүшүндө мототранспорт каражаттарын айдап жүргөн айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жаратылыш аймактарында жүрүүдө белгиленген эрежелерди так сактоо боюнча эскертүүлөр берилди.

Белгилей кетсек, рейддик иш-чаралар айрым аймактарда мототранспорт каражаттарын эксплуатациялоону чектөө, ошондой эле жайыттарды жана жашыл аймактарды коргоо максатында уюштурулууда.