Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Ак-Талаада селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жаңы-Тилек айылында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел суулары селден коргоочу каналдан ашып, 2 турак жайдын ичине кирип, 16 үйдүн короо-жайын суу каптаган.
Кесепеттерди жоюу иштерине 12 куткаруучу тартылып, 15 үйдүн короосу баткактан тазаланып, суу сордурулду.
Учурда атайын техникалар менен кум-шагыл толуп калган каналды тазалоо жана бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле сел каптаган бакчаларды тазалоо үчүн техникалар жеринде калтырылып, суу тарткандан кийин иштер улантылары айтылды.