Ак-Талаа районундагы 1,98 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 29 сентябрь 2025 11:25
WhatsApp Image 2025-09-29 at 10.51.50.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 10.51.49.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 10.51.48.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 10.51.47.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-09-29 at 10.51.50.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 10.51.49.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 10.51.48.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 10.51.47.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Нарын облусунун, Ак-Талаа районунун Баетово айылындагы жалпы аянты 1,98 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Колхоздор аралык курулуш уюму 1964-жылы аймакта өндүрүш объекттерин өнүктүрүү үчүн түзүлгөн.

Ошол эле жылы Ак-Талаа районунун эл депутаттар Кеңешинин аткаруу комитетинин чечими менен Ак-Талаа районунун Баетов айылында өндүрүш объекттерин куруу үчүн 4,0 га жер тилкеси Колхоздор аралык курулуш уюмуна бөлүнүп берилген.

1993-жылы Колхоздор аралык курулуш уюму "Демилге" акционердик коому болуп кайра түзүлүп, анын жетекчиси катары Ч.К. шайланган.

Аталган Ч.К. 2004-жылы акционердик коомду жоюу жолу менен бул ишкананы жеке менчикке өткөрүп бергени аныкталган.

Бул мүлк Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнүн балансына тиешелүү кабыл алуу актысына ылайык өткөрүлүп берилген.

Мурда Колхоздор аралык курулуш уюмуна тиешелүү болгон калган объектилерди кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.