Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Ак-Сууда пара талап кылган энергетик кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан Ысык-Көл облусунун энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуу максатында пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ак-Суу райондук электр тармактарынын эсептөө инженери К.М.А. кармалды.
Тактап айтканда, К.М.А. электр эсептегичинде пломба жок болгондугу үчүн айып пулдун суммасын азайтуу максатында Ак-Суу районунда туризм кызматын көрсөткөн ишкерлерден накталай акча түрүндө пара талап кылгандыгы аныкталган.
Чогултулган далилдердин негизинде К.М.А. Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды.
Тергөө иштери уланууда.