“Ак-Суу” инновациялык туризм кесиптик лицейинде кадрлар даярдала баштады

Билим 18 сентябрь 2026 10:20
814660607_1756451515661606_2566164212241054788_n.jpg
814952634_1048175041431350_7124376462263041569_n.jpg
813912037_1912392623065774_7045647243895316981_n.jpg
815368015_2282861565893684_785616593048077260_n.jpg
Алдыга
Артка
814660607_1756451515661606_2566164212241054788_n.jpg
814952634_1048175041431350_7124376462263041569_n.jpg
813912037_1912392623065774_7045647243895316981_n.jpg
815368015_2282861565893684_785616593048077260_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Ак Суу” Республикалык инновациялык туризм кесиптик лицейинде алгачкы окуу жылына арналган “Билим аркылуу бийиктиктерге” аттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага окуучулар, ата-энелер, педагогдор, иш берүүчүлөр жана лицейдин өнөктөштөрү катышты. Алар лицейдин концепциясы, билим берүү багыттары жана туризм тармагындагы кесиптер менен таанышты.

“Биздин лицей үчүн бул жөн гана сабактардын башталышы эмес, жаңы билим берүү жамаатынын жаралышы. Ар бир окуучу өзүнүн маанилүүлүгүн сезип, тандаган кесибинин келечегин көрүп, билим, урматтоо, кызматташтык жана айлана-чөйрө үчүн жоопкерчилик адамга чыныгы бийиктиктерди багындырууга жардам берерин түшүнүшүн каалайбыз”, - деди лицейдин директору Банур Абдиева.

Белгилей кетсек, “Ак-Суу” республикалык инновациялык туристтик кесиптик лицейи Кыргызстандын туристтик индустриясы үчүн кадрларды даярдоонун негизги борборлорунун бири болуп, өлкөдөгү кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга салым кошот деп күтүлүүдө