“Айыл чарбасын каржылоо-14” долбоору башталды. Быйыл 2,4 млрд сом бөлүндү

Экономика Загрузка... 11 Февраль 2026 16:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Быйыл “Айыл чарбасын каржылоо-14” программасы ишке кирип, дыйкан-фермерлер үчүн 2 млрд 448 млн сом каражат бөлүндү. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул программанын негизги максаты жеңилдетилген насыя берүү менен дыйкан-фермерлерди мамлекеттик колдоо.

“Бул программа дыйкан-фермерлерге жазгы талаа иштерин өз убагында жана сапаттуу аткаруусу үчүн багытталган. Быйыл насыянын жалпы суммасы 2 млрд 448 млн сомду түзүп, дыйкан – фермерлерге 6 % менен берилмекчи. Негизинен 3 багытта берилет. Биринчи 70 пайызга чейин мал чарбачылыгына, экинчи 20 пайызга чейин өсүмдүк өстүрүү - багбанчылык багыттарына берилет. Үчүнчү багыт сууну үнөмдөөчү технологияларды колдонууга берилет. Бул жамгырлатып, тамчылатып сугаруу жана кудуктарды куруу”,- деди Дүйшеев.

Ал ошондой эле насыя берүүнүн шарттары тууралуу маалымат берди.

“Жалпы мал чарбачылыгына жана өсүмдүк өстүрүүгө 500 миңден 1 млн сомго чейин күрөөнүн негизинде берилет. Ал эми 500 миң сомго чейин каражат күрөөсүз берилет. Жаңы технологияларды колдонуу максатында 3 млн сомго чейин күрөөнүн негизинде берилет. Бул программаны мамлекеттик эки коммерциялык банк “Айыл банк” менен “Элдик банк” ишке ашырат. Ошондуктан дыйкан-фермерлер мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, банктарга кайрылуу менен азыртадан электрондук кезекке тура беришсе болот”,- деди ал.