Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Айтматов районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.
Анда маалымадалгандай, райондо жол жана ирригациялык инфраструктурада олуттуу иштер жүргүзүлгөн.
Тактап айтканда, 61 км жол асфальтталып, Бахты-Ногой каналы пайдаланууга берилген, Сарымсак каналын оңдоо иштери уланууда.