Айтматов районунда 200 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак Загрузка... 07 Апрель 2025 15:38
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Бүгүн Айтматов районуна караштуу Аманбаев айыл аймагында Дастан Анарбеков атындагы бала бакчанын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Бала бакчанын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чек ара кызматынын 2029 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 28-ноябрында Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы административдик имаратынын ачылыш аземинде, аталган райондо мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздигин эске алуу менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы Ташиевдин колдоосу менен 200 орундуу бала бакча куруу демилгеленген.

Бала бакчага Баткен районунун "Достук" чек ара заставасынын аскер кызматкери, 2022-жылы чек арадагы куралдуу кагылышууда баатырларча курман болгон лейтенант Дастан Анарбековдун ысымы ыйгарылды.