Аймактардагы тик учак аянтчалары такталып, онлайн реестр түзүлөт

Коом
WhatsApp Image 2026-10-27 at 10.57.20 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-27 at 10.57.20 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-27 at 10.57.20.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-27 at 10.57.20 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-27 at 10.57.20 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-27 at 10.57.20.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин тиешелүү кызматкерлерине аймактардагы тик учак конуучу аянтчалар, конуу пункттары боюнча маалыматтарды тактоо тапшырмасы берилди. Бул тууралуу маселе “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында агенттиктин директору Данияр Бостоновдун мекеменин тиешелүү бөлүм жетекчилери менен өткөн жыйынында каралды.

Маалыматка ылайык, учурда аймактардагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнөн тик учактар коно турган аянтчалар тууралуу толук маалымат алуу зарылчылыгы жаралды. Буга айрым облустарда мурда колдонулган тик учак конуучу аянтчаларды табуу кыйынчылык жаратып жатканы айтылды.

Ушуга байланыштуу президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө кайрадан кат жөнөтүлүп, совет мезгилинен калган химиялык аянтчалар жана конуу пункттары боюнча маалыматтарды тактоо тапшырылды. Алардын көпчүлүгү мурдагы айыл чарба талааларында жайгашканы айтылды.

Жыйында бардык иштеп жаткан жана иштебеген аянтчаларды камтыган онлайн реестр түзүү маселеси да көтөрүлдү. Анын негизинде аянтчаларды калыбына келтирүү же тиешелүү мекемелердин балансына өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү каралмакчы.

Чогултулган маалыматтар такталгандан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берилмекчи.