Айгүл Жапарова Бишкекте өткөн эл аралык санариптик форумга катышты

Коом Жүктөлүүдө... 21 Апрель 2025 09:09
492503532_592472500473924_7483768249117459544_n.jpg
491877231_592472490473925_4203473411039918659_n.jpg
491886801_592472447140596_6387623454254915222_n.jpg
491887803_592472453807262_8473626489583972225_n (1).jpg
491933560_592472473807260_4104851436018722479_n.jpg
491937350_592472527140588_3429180807927366638_n.jpg
492001419_592472480473926_7876265510548473171_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Биринчи айымдын социалдык тармактагы баракчасы

Бишкек, 21.04.25. /Кабар/. Күн мурун биринчи айым Айгүл Жапарова "Санарип көндүмдөрү баары үчүн: жаңы жүздөр" эл аралык форумуна катышты.

Форум санариптик доордо бирдей мүмкүнчүлүктөр тууралуу ачык диалог аянтчасы болуп калды. Анын максаты - санариптештирүү кандайча туруктуу өнүгүүнүн кыймылдаткычы катары кызмат кыла аларын көрсөтүү, Борбор Азиядагы аялдар менен жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Иш-чарага жасалма интеллект, санариптик каржылоо, STEM билим берүү, ишкердик жана киберкоопсуздук тармагындагы адистер катышты.

Катышуучуларга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Россиядан келген эксперттердин жана пикир лидерлеринин шыктандыруучу баяндамалары, ошондой эле санариптик сабаттуулуктан баштап, күнүмдүк жашоодо ЖА колдонууга чейин бардык темалар боюнча панелдик талкуулар жана практикалык мастер-класстар тартууланды.