Бишкек, 14.01.26. /Кабар/. Европалык учак чыгаруучу Airbus компаниясы 2025-жылы дүйнө жүзү боюнча 91 кардарга 793 учак саткан. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.
Маалыматка караганда, бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 3,5%га жогорулаган, анда 766 учак сатылган.
Тактап айтканда, 2025-жылы компания A220 үлгүсүндөгү 93 учак, A320дан 607 учак, 36 A330дан жана A350дөн 57 учак саткан.
2025-жылга жалпы буйрутмалар 1000ди түздү, таза буйрутма (жокко чыгарууларды кошкондо) 889 учак болду.